"Алып койгула, журналисттер ичип алып өлүп калбасын". Маалымат жыйындын соңунда министр уу коргошунду алып коюусун айтты
Бүгүн, 16-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту эмдөөдө уу коргошунду колдонуу, анын пайдасы жана таасири тууралуу маалымат берди. Аны менен катар эле министр уу коргошунду ичип көрүп, клиникалык тажрыйбадан өттү.
Министр атайын даярдалган уу коргошунду ичкенден кийин чайнек калып калган. Жыйындын соңунда Алымкадыр Бейшеналиев уюштуруучулардын бирине чайнектеги уу коргошунду алып кетүүсүн айтып, журналисттер ичип албасын деди.
"Муну төгүп (кружканы сунуп), тигини алып койгула. Журналисттер муздак ичип алып, өлүп калып анан жүрбөйлү...", - деди ал.
Кечээ, 15-апрель күнү президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар медициналык мекемелеринде болгон. Анда президент коронавирус инфекциясынын белгилери байкалары менен ооруканаларга дароо кайрылууга чакырып, дарыгерлер 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышкандыгын билдирген.





1 |