super.kg logo

"Манас" аэропортунда убактылуу чектөөлөр киргизилди

 

Эл аралык “Манас” аэропортунун бардык аэробекет комплекстеринин аймактарына чектөө чаралары киргизилди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, соңку кезде өлкөдө санитардык-эпидемиологиялык абалдын начарлашы, коронавирус инфекциясын жуктургандардын санынын өсүшү жана Кыргыз Республикасынын Башкы мамлекеттик санитардык врачынын көрсөтмөсүнө ылайык, ААК “Эл аралык “Манас” аэропортунун” бардык аэробекет комплекстеринин аймагына 2021-жылдын 17-апрелинен тартып COVID-19 илдетин жугузуу жана жайылтуунун алдын алуу иш-чаралар комплекси күчөтүлдү.

Алсак, төмөнкү чектөөлөр киргизилди:

  • Саат 00:00дөн 07:00гө чейин “Манас” аэропортунун” бардык аэробекет комплекстерине олуттуу тиешеси жок адамдар, анын ичинде узатуучулар жана тосуп алуучулар үчүн чектөө киргизилет. “Манас” аэробекет комплексине авиажүргүнчүлөр авиабилети болгон учурда гана киргизилет.
  • Адистер тарабынан учуучу жана конуучу авиажүргүнчүлөрдү термометрлик текшерүү, дене табын өлчөө иштери күчөтүлөт.
  • Авиажүргүнчүлөрдү узатуучу жана тосуп алуучуларга, аларды күтүүдө ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн аэробекет комплексинин жанына отургучтар орнотулат.

"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы авиажүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн аэропорттун аймагына коргоочу медициналык бет кап менен кирүүсү жана каттоочу зоналарда, учуу алдындагы текшерүүдөн өтүү жайларында 1,5 метр аралыкты сактоо маанилүү экендигин эскертет.

"Урматтуу жүргүнчүлөр, шартка ылайык, бул чектөө чаралары сиздердин коопсуздугуңуздар үчүн кабыл алынды. Эрежелерди сактап, ден соолугуңуздун сак болушуна кам көрүүңүздү өтүнөбүз.

Урматтуу жүргүнчүлөр! “Манас” аэропорту (“МЭА” ААК) авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатуу менен да алектенбейт! Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат", - деп билдиришти аэропорттон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: