super.kg logo

Баткендеги окуучулардын массалык мушташын өкмөт өкүлү териштирет

 

Окуучулардын массалык мушташы боюнча окуяны териштирүү иштерин ыйгарым укуктуу өкүл көзөмөлгө алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов атындагы орто мектебиндеги окуучулардын массалык мушташы боюнча окуяны өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жеке көзөмөлүнө алды.

Ыйгарым укуктуу өкүл бул окуя боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Эрлан Сапарбаевге атайын комиссия түзүп, окуянын чоо-жайын дыкат иликтөөнү милдеттендирди.

Ошондой эле окуянын келип чыгуу себептерин аныктоо, коомчулукта, өзгөчө мектеп окуучуларынын арасында урууларга бөлүнүп, топтошуп мушташуу сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербөө, алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.

Окуя кечээ, 15-апрелде болжол менен саат 13:30 чамасында болгон.

Бул факты РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Окуядан 4 окуучу жабыркап, Баткен облустук ооруканасына кайрылган. Алардын экөөнө медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген. Экөө ооруканага жаткырылган. Учурда төртөөнүн тең абалы канааттандырарлык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: