super.kg logo

Бишкекте медицина кызматкерлери тынчтык митингине чыгышты

 

Бүгүн, 16-апрелде Бишкектеги Панфилов сейил багына медицина кызматкерлери тынчтык митингине чыгышты.

Анда медицина кызматкерлери бийликтен бир жолку төлөнүүчү кенемтени берүүнү, медицина кызматкерлеринин айлык маянасын заманга ылайык көтөрүп берүүнү, профсоюздан баш тартуу жана аны ликвидациялоону талап кылышууда.

Атын, иштеген жерин атагысы келбеген үй-бүлөлүк дарыгер төмөнкүлөрдү айтып берди.

Компенсация бир жыл болуп калды төлөнө элек. Ошондон бери эч ким төлөгөн жок, айтпайт. Документтерибиздин баарын тапшырып койгонбуз. Саламаттыкты сактоо министрлигинде жатат. Былтыр июль айында коронавирус болуп ооруп калгам. Мобилдик бригадада иштегем.

Андан сырткары айлык акы эки эсе көбөйдү дешти, бирок чын-чынына келгенде үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы кайра азайды. Себеби дегенде биз баллдык систем менен иштечүбүз. Колубузга 20-21 миң айлык алчубуз. Азыр болсо колубузга 12 миңдей тийип калат окшойт”, - деди дарыгер.

Учурда алар сейил бактан Ак Үйдү көздөй бет алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: