super.kg logo

Талант Мамытов Өзбекстандын парламентинин төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинен маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык өз ара байланыштар талкууланды. Ошондой эле тараптар президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу сүйлөштү. Андагы сүйлөшүүлөрдө кабыл алынган бардык келишимдерди ишке ашыруу боюнча эки өлкөдө тең жетиштүү чаралар жүргүзүлөрүн кошумчалаган Талант Мамытов менен Танзила Нарбаева парламенттер аралык жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу да ой бөлүштү.

Андан тышкары, жолугушууда "Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын диалогу" платформасы жана гендердик теңчиликти камсыздоо маселелери каралды. Кыргыз тарап алгачкылардан болуп жергиликтүү кеңештерде аялдар үчүн 30 пайыз

дыкык квота бөлүү тууралуу ченем ишке ашырылганын маалымдашты. Натыйжада жергиликтүү кеңештерде айым депутаттардын саны көбөйгөнү айтылды.

Баарлашуунун соңунда Талант Мамытов Танзила Нарбаеваны Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: