super.kg logo

Кыргыз өлкөсү менен Армениянын ортосундагы достук мамилени өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды

 

Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын отурумдарынын алкагында Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Армениянын улуттук жыйынынын төрагасы Арарат Мирзоян менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар Кыргыз өлкөсү менен Армениянын ортосундагы достук мамилени өнүктүрүүгө байланышкан актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты.

Талант Мамытов эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жигердүү өнүкпөй жатканын белгилеп, ЕАЭБ алкагында өз ара соода байланыштардын туруктуу өнүгүшү үчүн мүмкүнчүлүктөр жогору экенине токтолду.

Муну менен катар Кыргыз өлкөсү туризм тармагына армян компанияларын тартууга кызыкдар экендигин айткан Талант Мамытов: "Биздин өлкөдөгү бардык экономикалык секторлордо инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок. Өкмөт тарабынан инвесторлор үчүн керектүү шарттар түзүлгөн", - деди.

Жолугушуу соңунда эки өлкөнүн парламент төрагалары өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген экономика, маданият өңдүү бир катар тармактарда алакаларды арттыруу зарылчылыгын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: