ЕККУ Ички иштер министрлигине алты унааны белекке берди (сүрөт)







Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси Ички иштер министрлигине 6 унаа тапшырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-апрель күнү ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков менен аталган уюмдун Бишкектеги кеңсесинин башчысы, элчи Пьер фон Аркс жолукту.
"Жолугушуунун жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси ИИМге милициянын көчмө кабылдамасы үчүн 6 унаа тапшырды. Ал унаалар Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБине, Нарын облусунун Ак-Талаа РИИБине, Чүй облусунун Москва, Кемин РИИБине, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Аксы РИИБине берилди.
2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ички иштер министрлигине ЕККУ тарабынан 39 милициянын көчмө кабылдама унаасы тапшырылганын билдиребиз. Жалпысынан Кыргыз өлкөсүндө 49 милициянын көчмө кабылдамасы иштөөдө", - деп жазылат маалыматта.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков ЕККУга көрсөткөн колдоолору үчүн ыраазычылыгын билдирип, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн мындан ары дагы кызматташууга даяр экендигин билдирген.
Мындан сырткары, ИИМге Өзбекстандын Ички иштер министрлиги тарабынан ички иштер облусунун жетекчилиги жарандарды кабыл алуулары үчүн атайын жабдылган Isuzu автобусу берилгенин кошумчалашты.



Туура айтасың булар келери менен
Ичип кетет