Митингге чыккан медицина кызматкерлеринин алты өкүлү өкмөт үйүнө кирип кетишти



Бүгүн, 16-апрелде Бишкекте медицина кызматкерлери тынчтык митингине чыгышты. Алар өкмөткө бир топ талаптарды коюшкан.
Митингге чыккан медицина кызматкерлери вице-премьер-министр Артём Новиков менен жолугушууга кимдер кирерин талкуулап, алты өкүлдү тандашты. Алар вице-премьер менен жолугушуу үчүн өкмөт үйүнө кирип кетишти.
Өкмөт үйүнүн алдына келген медицина кызматкерлеринин алдына өкмөттүн өкүлү Санжарбек Исаев чыгып вице-премьер-министр Артём Новиков беш-алты кишини кабыл алууга даяр экенин билдирген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.