super.kg logo

Медиктердин митинги. Артём Новиков медицина кызматкерлеринин көйгөйлөрүн чечип берүүгө аракет кыларын билдирди

 

Бүгүн, 16-апрелде биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков митингге чыккан медицина кызматкерлеринин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, медицина кызматкерлери биринчи вице-премьерге кызматтык милдеттерин аткарып жатканда коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандыгы үчүн мамлекеттен компенсация төлөөгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер, эмгек акынын төмөндүгү жана башка маселелерди айтып беришти.

Артём Новиков дарыгерлерге компенсация төлөө маселеси боюнча атайын комиссия иштеп жаткандыгын билдирди.

"Эртең Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде медицина кызматкерлеринин, министрликтин өкүлдөрүнүн, комиссиясынын мүчөлөрүнүн компенсация төлөө боюнча жолугушуу өткөрөбүз. Анын жүрүшүндө бардык көйгөйлүү маселелер кеңири изилденет. Өз кезегинде биз компенсация төлөө маселелерин чечүүнү тездетүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.

Экономика жана финансы министрлиги медицина кызматкерлеринин базалык эмгек акысын жогорулатуу маселелери боюнча тийиштүү эсептөөлөрдү жүргүзөт", - деди биринчи вице-премьер.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкектеги Панфилов сейил багына медицина кызматкерлери тынчтык митингине чыгышты. Анда медицина кызматкерлери бийликтен бир жолку төлөнүүчү кенемтени берүүнү, медицина кызматкерлеринин айлык маянасын заманга ылайык көтөрүп берүүнү, профсоюздан баш тартуу жана аны ликвидациялоону талап кылышкан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: