Башкы прокуратура Райымбек Матраимовдун иши жабылганы мыйзамдуу экендигин билдирди
УКМКнын тергөө органы тарабынан Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иштин кыскартылышы жөнүндөгү чечимине байланыштуу Башкы прокуратурасы төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Маалыматта жазылгандай, коомчулукта Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш ишин токтотуу жөнүндөгү чечимге карата эки тараптуу мамилеге байланыштуу атайын кызматтын чечиминин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу текшерилди.
"Тергөөнүн жүрүшүндө башкы көзөмөл органы "Азаттык Медиа" мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөнүн материалдарында көрсөтүлгөн, анын ичинде Матраимовдун жана анын жакын туугандарынын ар кандай мүлккө жана активдерге ээ экендиги тууралуу бардык жүйөлөрүн толук текшерүү керектиги тууралуу көрсөтмөлөрдү берген. Ишти тергөөдө "Азаттык Медиа" мекемесинин материалдарында белгиленген өлкөлөрдүн, анын ичинде Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлгөн.
Ушул жылдын апрель айында өнөктөш өлкөлөрдөн, анын ичинде Дубай Эмиратынан УКМК тарабынан расмий документтер алынган.
Берилген маалыматтарга ылайык, аталган өлкөлөрдө Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атына кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр катталган эмес. Такталган маалыматтарга таянып, кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык кимдир-бирөөнүн кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде өндүрүштөн кыскартылган. Жазык-процессуалдык кодексинин 248-беренесинде кылмыш иши тергөөчү тарабынан жогорудагы негиз менен кыскартылган учурда, ушул эле кодекстин 118-беренесине ылайык бөгөт коюу чарасы токтоосуз түрдө жокко чыгарылууга тийиш экендиги көрсөтүлгөн.
Жогоруда аталган мыйзам ченемдеринин негизинде 2021-жылдын 15-апрелинде Райымбек Матраимовго карата кылмыш иши УКМКнын тергөө органы тарабынан кыскартылып, ага карата бөгөт коюу чарасы жокко чыгарылган. Кабыл алынган чечимдин негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу Башкы прокуратура тарабынан текшерилди, аны жокко чыгарууга негиз жок", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылганы маалымдалган.


















1 |