super.kg logo

Алтын жана күмүш тыйындар. Иракта террорчулардын кымбат баалуу металлдарды жашыруун сактаган жайы табылды

 
Иракта террорчулардын кымбат баалуу металлдарды жашыруун сактаган жайы табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта "Ирактын Мосул шаарында полиция кызматкерлери 2014-2017-жылдар аралыгында "Ислам мамлекети" террордук уюмуна таандык бир жарым миллион доллардан ашуун акча жана баалуу металлдарды жашыруун сактоочу жайын табышкан. Террорчулар жергиликтүү тургундардан акча, алтын жана күмүш тыйындарды алышкан. Алар шаардын эски кварталындагы үйгө жашырылган.
Аталган жайдан 1 миллион 590 миң долларды түзгөн 100 долларлык купюралар, 17 миллион 500 миң ирак динары (12 миң долларга жакын), 15 килограмм күмүш жана 17,5 килограмм күмүш куймалар, ошондой эле тыйындарды басуу үчүн даярдалган 500 граммга жакын алтын табылган", - деп жазылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: