super.kg logo

Ош облусунун Маданият айылындагы мектептин курулушу 90 пайызга аяктады

 

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылындагы №42 мектептин курулушунун бүткөрүлүшү 90 пайызга аяктады. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын курулушу 2020-жылдын январь айында башталган, мектеп 225 окуучулук орунга эсептелген.

"Бүгүнкү күндө подряддык уюм тарабынан ички жана тышкы келбеттердин сырдоо иштери аяктоодо. Учурда эмерек менен камсыздоо жана аймакты абаттоо боюнча жумуштары жүргүзүлүүдө.

Мектептин курулуш иштеринин сметалык баасы 890 миң 800 долларды түзөт.

Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарынын эсебинен каржыланат. Бүгүнкү күнгө фонд тарабынан 389 миң 583 доллар каржыланды", - деп жазылат маалыматта.

Мектептин курулушун аяктоо 2021-жылдын май айына пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.04.2021. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ото кымбат тушуптурго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: