"Кээде мүмкүнчүлүгү чектелгендерге токтобой өтүп кетишет". Жалал-Абадда коомдук унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө



Жалал-Абад шаарында бир катар каттамдардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жарандардан айрым айдоочулардын үстүнөн даттануу түшкөн. Кээ бир учурда мүмкүнчүлүгү чектелгендерге токтобой өтүп кетишет деген нааразычылыктар айтылган.
"Буга байланыштуу айдоочуларга бардык жүргүнчүлөрдү тейлөө керектиги эскертилди. Ошондой эле өз милдетин так аткарбай, нааразычылыкты пайда кылгандарга чара көрүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.
Жалал-Абад шаарында 300 кичи автобус 14 каттам боюнча жүрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.