super.kg logo

Владимир Путин 2020-жылы 10 миллион рублга чукул киреше тапканы айтылды

 

Орусиянын президенти Владимир Путиндин 2020-жылдагы кирешеси 9 миллион 994 рублду түздү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Кремлдин сайтына жарыяланган президенттин декларациясына таянуу менен жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, өлкө башчынын кирешеси былтыркы жылга салыштырмалуу 258 миң рублга көбөйгөн. Анда, тагыраагы, 2019-жылы 9 миллион 726 миң рубль киреше тапканы маалым болгон.

Владимир Путиндин рекорддук кирешеси 2017-жылы катталган. Анда 18 миллион 700 миңден ашык киреше тапкан. Бирок жогорудагы суммага 15 сотых жер тилкесин сатканы дагы кошулган.

Президенттин декларациясында көрсөткөн мүлктөрү өзгөргөн эмес. Анда жазылгандай, батир (77 чарчы метр), унаа токтотуучу жай (18 чарчы метр). Волга, ГАЗ М21 үлгүсүндөгү эки сейрек кездешүүчү унаалар, Нива жана прицеп Скиф катталган. Аталган объекттердин баары Орусияда.

Ал эми Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин кирешеси 2020-жылы 19 миллион 853 миң рублду түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
17.04.2021. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кандай гана адам болбосун Бийлиги бар адам бийликти кыянаттык менен пайдаланууга жакын болот.
17.04.2021. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
9 млн эмес 9 млрд десе жакшы жарашмак, ал али бери кетпейт го крыса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: