super.kg logo

Орусиядагы кыргыз студенттери үчүн бюджеттик орундардын санын көбөйтүү маселеси сунушталды

 
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Орусия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Орусиянын ЖОЖдорунда 16 миңдей Кыргыз студенти билим алып жатат. Кыргыз өлкөсү жогорку билим берүүдөгү эки тараптуу кызматташуунун дагы да өнүгүшүнө кызыкдар. ЖОЖдогу ийгиликтүү окуу кесиптик ийгиликке жол ачат.
"Кыргыз өлкөсүндөгү бүтүрүүчүлөр Орусиянын ЖОЖдоруна Кыргыз өлкөсүндөгү "Роскызматташтыктын" өкүлчүлүгү аркылуу тапшырышат. Кыргыз жарандарына жыл сайын 375тин тегерегинде бюджеттик орундар бөлүнөт. Жолугушууда бюджеттик орундардын санын 750гө чейин көбөйтүү маселесин карап чыгуу сунушталды. Алардын ичинен 200 орун педагогикалык адистиктерге, 50 орун жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга бөлүнмөкчү", - деп айтылат маалыматта.
Билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүү максатында бир канча маселелерди карап чыгуу сунушталды:
• Кыргыз-орус илимий фондун түзүү. Биргелешкен илимий-изилдөө иштерин каржылоого багытталган мындай фонддун түзүлүүсү эки өлкөнүн илим тармагын колдоого жана өнүктүрүүгө жаңы дем берип, ошол эле учурда Орто Азияны изилдөөгө кызыккан орусиялык окумуштууларга атайын аянтча болуп бермекчи;
• Биргелешкен билим берүү программаларын жана кош диплом программаларын ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты кеңейтүү;
• Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларында билим алган студенттер үчүн Орусия Федерациясынын ири шаарларында жайгашкан окуу жайларында практика өтүүнү уюштуруу;
• Эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда студенттердин жана профессордук-окутуучулук курамдын академиялык мобилдүүлүк ишин күчтөндүрүү;
• Эки өлкөнүн таланттуу студенттери үчүн биргелешкен жайкы лагерлерди уюштуруу;
• Билим берүүнү санариптештирүү, жаңы көйгөйлөргө жогору технологиялык чечимдерди табуу үчүн билим берүүнү санариптик башкаруу системаларын киргизүү иштеринде кызматташуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: