"Дарыны дароо эле "Садырин" деп каттоо керек". Депутат уу коргошун маселесин Жогорку Кеңеште көтөрөт
Депутат Дастан Бекешев коронавирус инфекциясын дарылоо боюнча талкууга түшкөн уу коргошун өсүмдүгүн колдонуу боюнча түшүндүрмө берди.
⠀
Социалдык тармактардагы баракчасында ал кийинки жумадагы парламенттин отурумунда Жогорку аттестациялык комиссияга бул өсүмдүктү экспертизасыз эле коронавируска каршы керемет суусундук экенине таянып, дарыны патенттөө процессин баштоо керектигин жана президент Садыр Жапаровго медицина илимдеринин доктору наамын берүүнү сунуштай турганын жазып чыкты.
⠀
"Анткени дарыны патенттөө процесси жүрүшү керек. Мекеме коронавируска каршы дарыны дароо эле "Садырин" деп каттоосу талапка ылайык. Парламент өкмөт менен биргеликте Садыр Жапаровду "Нобель" сыйлыгына көрсөтүшү керек.
Резиденциядан биз настойка чыгаруучу завод курабыз жана киреше 50 /50 пайыздан бөлүнөт. Анын жарымы мамлекетке, жарымы Садыр Жапаровго. 2021-жылды медициналык туризм жылы деп жарыялоо жана бардыгын биздин настойкабыз менен дарыланууга чакыруу. Бул үчүн атайын медициналык аймакты ачсак болот.
Биз муну менен токтоп калбашыбыз керек. Айлана-чөйрөнү бузуп албаш үчүн алтын өндүрүүчү ишканаларды жабуу керек жана Ысык-Көл чөбүн өндүрүүнү башташыбыз шарт. Саламаттыкты сактоо министри түз эфирде тамеки чегип, акыл-эс ооруларынын дарылоонун керемет жолу табылганын жарыялайт.
Кыргыз чөбү бизди байытат, жакырчылыкты кыргыз чөбү менен жок кылалы!", - деп жазды Бекешев.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы депутат менен байланышканда, ал билдирүү тамаша иретинде жазылганын, бирок ошондой болсо да тастыкталбаган маалымат мыйзамга туура келбегенин жана президент менен министрдин чакырыктары туура эмес билдирүү болгонун айтты.
"Албетте, бул тамаша иретинде жазылган пост. Бирок ошентсе да президент менен министрдин пикири туура эмес. Анткени бул жерде бир эле эмес, бир топ мыйзамдарды бузуу болуп жатат. Негизи биринчи дарыны колдонуу алдында аны юридикалык жактан тастыктоо керек болчу. Бирок булар эч кандай тастыктамасы жок эле коомчулукка жарыялап жиберишти. Бирок чынында бул маселени мен Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрөм", - деди депутат.
Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров өлкөнүн дарыгерлери коронавирусту эффективдүү дарылоонун жолун тапканын билдирген.
"Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты. Ал дары тууралуу видедон көрсөңүз болот", - деп жазган президент социалдык тармактагы баракчасына.
Постко тиркелген видеодо адамдар тунук затты бөтөлкөгө куюшат. Бөтөлкө этикеткаларында "Ысык-Көлдүн тамыры" деп жазылып турганын көрүүгө болот.
Бул видео жана билдирүү коомчулуктун кызыгуусун жаратып, талкууга алына баштады. Көпчүлүгү социалдык тармактагы баракчасына бул суусундукту ичүүгө болбой турганын, аны колдонуу өтө кооптуу экенин жазып чыгышты.
Талкуу жаратып жаткан уу коргошунду колдонуу жолу, кантип үчүү керектигин кечээ, 16-апрелдеги маалымат жыйында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып, атүгүл ал тундурманы журналисттерге көрсөтүп ичти.
Айтымында, алар бул ичимдикти колдонуп 300 коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылаган жана аны колдонуу айтылып жаткандай кооптуу эмес.
Маалымат жыйындан кийин талкуу кайра күч алды. Мындан улам SUPER.KG порталы адис менен бул теманын тегерегинде маектешти. Окурман, маекти толук ушул шилтемени шилтеп кирип окуңуз.











1 |