super.kg logo

КМШнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы беларусь адабиятчысына берилди

 

КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы беларусь адабиятчысы Владимир Гниломедовго ыйгарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Орусия Федерация советинин төрайымы Валентина Матвиенко тапшырышты.

Владимир Гниломедов ден соолугуна байланыштуу Санкт-Петербург шаарына, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты тапшыруу аземине келе алган жок, бирок видеобайланыш аркылуу аземге катышты. Ушуга байланыштуу сыйлыкты Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын ыйгарым укуктуу өкүлү Виктор Когут алды.

"Бул сыйлык Владимир Васильевичтин адабият айдыңындагы көп сандуу эмгектерин жана анын адабиятты өнүктүрүүгө, маданияттарды жакындаштырууга жана КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымын баалоо болуп саналат", - деген төрага Талант Мамытов.

Эске сала кетсек, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын кеңеши өткөн жылдын күзүндө, онлайн режиминде өткөн отурумда бир добуштан Владимир Гниломедовдун талапкерлигин колдогон. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу сыйлыкты эпидемиологиялык абал нормалдашкан соң салтанаттуу кырдаалда тапшыруу сунушталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: