Бишкекте экзотикалык жаныбарлардын көргөзмөсү ачылды
Кара-ак түстүү Тегу. Кыргызстандын тоолуу аймактарынан кездештирсе болот. Узундугу 1,5 метр


Кара-ак түстүү Тегу. Кыргызстандын тоолуу аймактарынан кездештирсе болот. Узундугу 1,5 метр

Көк тилдүү кескелдирик. Нымдуу жерлерде жашайт жана үлүлдөр менен тамактанат

Жолборстун терисинин өңүнө окшогон жылан. Териси абдан баалуу

Хамелеон. Маанайына жана абанын температурасына жараша өңү-түсү өзгөрүп турат

Хамелеон жөргөмүштөрү

Көргөзмөгө келген шаардыктардын бири

Падыша жыланы

Бул "кийимчен кескелдирик" деп аталат

Сакалдуу кескелдирик. Австралиянын чөлүндө жашайт

Сакалдуу кескелдирик

Питондун бир түрү.

Шиншиллалар, Түштүк Америкада жашашат. Териси кымбат жаныбарлардын катарына кирет

Чаар кескелдирик. Күндүз таштардын арасына жашынып жатып, караңгы киргенде чыгат

Кулактуу, тоголок баш кескелдирик. Оозун чоң ачканда өңү кызыл түскө айланат

Чымчык жегич жөргөмүш. Жөргөмүш түлөгөндө эски териси түшүп, жаңысы пайда болот

"Василиски" кескелдириктери. Мекени Америка

"Жандуу экзотика" зоопаркындагы жаныбарлар
Бишкекте экзотикалык жаныбарлардын көргөзмөсү өтүп жатат. Мында кескелдирик, жылан, жөргөмүш сыяктуу жаныбарларды көрүүгө болот. Алар Түштүк Америка, Австралия жана Кыргызстандагы жаныбарлар. Уюштуруучулардын айтымында, 20-октябрда көргөзмөгө маймылдар алынып келинет. Көргөзмө "Россия" кинотеатрында күн сайын саат 12:00дөн 22:00гө чейин иштеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Кабар толукталды. Көргөзмө "Россия" кинотеатрында болуп жатат.