ИИМ: "Митингчилерди милиция чагымчылдык жаратып кууган деген маалымат чындыкка дал келбейт"
Ички иштер министрлиги кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу чыккан митингчилерди милиция кызматкерлери чагымчылдык жаратып кууган деген маалымат чындыкка дал кебейт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин алдында 15-апрелде саат 12:00дө зордук-зомбулукка каршы жана Ички иштер министринин отставкасын талап кылган митинг өткөн.
"Ал күнү саат 12:40 чамасында өкмөт үйү тараптан "биз бардык митингге каршыбыз" деген экинчи топ ИИМ имаратынын алдына келишкен. Андан соң Болот Темиров митингчилерге каршы чыккандар милиция кызматкерлери экенин жана жогору жактан ар бирине бештен адам чогултууга тапшырма берилгенин айтып, видео жүктөгөн.
Бул билдирүү калп жана чындыкка дал келбейт. Чындыгында, видеодо ИИМ кызматкерлери бар, бирок алар түшкү тыныгуу маалында тынчтык митингине өз демилгелери менен келишкен жана эки тараптын ортосунда эч кандай чыр-чатак болбогондугуна көзөмөл кылышкан", - деп жазылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.
Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.
Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.
Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видео көзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.
Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өткөн.
8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалды. Ошондой эле кармалгандар СИЗО-1ге камакка алынышкан.


