Ак-Сай аймагындагы чек арада чыккан келишпестик эки тараптын жаңжалы менен аяктаганбы? Баткен ОИИБи жооп берет
Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагында чыккан келишпестик эки тараптын жаңжалы менен аяктаганы боюнча маалымат туура эмес. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-апрелде Баткен районунун Тажикстан менен чектеш, Ак-Сай айыл аймагында Ак-Суу дарыясында жайгашкан, башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында, Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда Тажикстан Республикасынын чек арачылары, оңдоп-түзөө жумуштарын биргеликте жасообуз керек деп, жумушту токтотуу талабы менен чыкканы боюнча маалымат тараган.
Бирок окуя эки тараптын жаңжалы менен аяктаганы боюнча маалымат туура эмес, 15ке жакын тажик тараптан жарандар топтолуп, эки тарап таш ыргытты деген маалымат чындыкка дал келбейт. Буга окуя болгон жерден тартылган атайын видео материалдар далил боло алат.
Окуя болгон жерге тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүргөн. Жарандардын массалык чатагы болгон эмес.
Белгилей кетсек, башкы суу бөлүштүрүүчү жайда Көк-Таш аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери коопсуздукту сактоо максатында иш алып барышат. Ошондой эле Баткен облусунун 707 ички аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Эске салсак, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында пикир-келишпестиктер орун алганы жана Баткен жана Согди облусунун башчылары сүйлөшкөнү кабарланган.




1 |