super.kg logo

Артём Новиков: "Медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр маселеси ачык-айкын чечилет"

 

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков "кызыл зонадагы" иши үчүн бир жолку компенсацияларды төлөө, эмгек акынын өлчөмүн жогорулатуу маселеси боюнча мындан мурда митингге чыккан республиканын ар кыл саламаттыкты сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Медицина кызматкерлердин бардык жактырылган билдирмелер боюнча бир жолку компенсациялар кепилденген түрдө төлөнүп берилет. Бул максатта республикалык бюджетте 200 миллион сом каралган.

Артём Новиков билдиргендей, медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр маселеси акыйкат жана ачык чечилет.

Билдирмелерди кароо боюнча комиссиянын курамы жаңыланат. Комиссия талаш жараткан билдирмелер боюнча кайрадан карап чыгып, кабыл алынган чечимдердин акыйкаттыгын иликтеп чыгат.

Жолугушууда жакында өкмөт тарабынан кабыл алынган медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмүн жогорулатууга тийиштүү чечими түшүндүрүлдү.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлери кызматтык милдетин өтөө учурунда аларга карата коркутуу, кол көтөрүү фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кооптонуусун билдиришти. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине аталган маселени карап чыгып, медициналык кызматкерлер тарабынан кесиптик ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда физикалык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн жарандардын жоопкерчилик чараларын күчөтүү боюнча сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: