super.kg logo

Ташкенттеги цирк өнөрү боюнча эл аралык фестивалында кыргыз кызы алтын утту

 

Ташкент шаарында өткөн цирк өнөрү боюнча балдар арасындагы "Жибек Жолу" эл аралык фестивалында Кыргыз өлкөсүнөн барган гимнаст-жаачы Аина Маратова алтын утту. Бул тууралуу SUPER.KG порталы машыктыруучусу Аида Акматовага байланышканыбызда билдирди.

"15-17-апрель күндөрү Ташкент шаарында эл аралык "Жибек Жолу" балдар арасындагы цирк фестивалы өттү. Мен жана окуучум Аина Маратова фестивалда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп, Кыргыз циркинин атынан чыгып өнөрүбүздү көрсөттүк. Жыйынтыктар 17-апрелде чыкты. Биз 1-орунга ээ болдук. Фестиваль бийик деңгээлде өттү. Кытай, Орусия, Украина, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен катышуучулар катышты. Цирк артисттеринин арасында ар бир цирк фестиваль өтө маанилүү, анткени ушундай фестивалдарга катышып тажрыйба топтойбуз.

Окуучумдун жашы 11де. Жаа менен аткарылган номери менен Ташкент шаарында биринчи жолу чыкты. Дебюту Ташкент циркинде болду. Бул фестивалга биз бир ай даярдык көрдүк. Ыйлаган учурлар көп болду. Цирк өнөрү негизи эле өтө кыйын. Бел, бут, колдор ооруп ыйлактап жүрсө да Аина чыдап бир да машыгуусун калтырбай келет. Аябай тырышчаак мүнөзү бар. Албетте, мотивацияныда мен, машыктыруучусу катары дайыма берип турам. Мотивациясыз адам коюлган максатына жетиш өтө эле кыйын. Азыр колумда дагы 7 кыз бар, шакирттерим. Буюрса, аларды дагы фестиваль, конкурстарга даярдап катыштырганы аракет кылам", - деди Акматова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
19.04.2021. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайбыз.
19.04.2021. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун! Куттуктайбыз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: