Чек арадагы чыр. "Окуя жарандардын таш ыргытуусу менен аяктады деген маалымат туура эмес" дейт өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү

17-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылында жайгашкан Ак-Суу дарыясындагы башкы суу бөлүштүрүүчү жайда жүрүп жаткан оңдоп-түзөө жумуштарына Тажикстан тараптын чек арачылары жумушту биргеликте жасайбыз деп токтотууну талап кылышкан. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Окуя боюнча эки тараптын жергиликтүү бийлигинин жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, кырдаалдын курчуп кетүүсүнө жол берилген жок", - дейт өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү.
"Белгилей кетсек, орун алган окуя боюнча Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан кыргыз тараптын суу чарба кызматкерлери менен тажик айылынын 50гө жакын тургуну таш ыргытып чатакташкандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.
Массалык чыр-чатакка жол берилген эмес. Бул боюнча Баткен облустук ички иштер башкармалыгы расмий маалымат таратты жана буга далилдүү видеолор бар экенин билдирди", - дешти мекемеден.
Эске сала кетсек, мындан 7 жыл мурда 2014-жылы аталган башкы суу бөлүштүрүүчү жайында, эки тарап кагылышып, согуштук оор техникалар колдонулуп, жаракат алгандар болгон. Мындай учурдан пайдаланып, провокациялык маанидеги маалыматтардын тарашына жана Баткен облусунун чек аралаш аймактарында кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр бар экендигин билдиребиз.
Баткен облусунда чек арадагы кырдаалды курчутуп, андан өз кызыкчылыгын ишке ашырууну каалаган күчтөр, аткезчилик менен алектенген жарандар, аткезчилерди буга чейин калкалаган чиновниктер кызмат абалынан кабатыр болгон жетекчилер экени аныкталууда. Алар социалдык тармактар аркылуу да облус бийлигинин дарегине каршы пикирлерди жарыялоо менен, коомчулуктун нааразычылыгын жаратууну көздөшүүдө.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү облустун чектеш аймактарында коомдук коопсуздукту сактоо, аткезчилик сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу, чыр-чатактарга жол бербөө боюнча иш-аракетин активдүү жүргүзөт жана чек ара айылдарынын инфраструктурасын чыңдоо, элинин бакубат жашоосун камсыз кылуу багытында иш-чараларды улантат.
Баса белгилей кетчү жагдай, кошуна мамлекеттин чектеш облустары менен соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, кошуна элдердин ынтымагын бекемдеп, карым-катнашын чыңдоого багытталган иш пландарды ишке ашыруунун үстүндө иштейт. Ал эми чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштери облустук бийликтин компетенциясына кирбейт, чек араны делимитациялоо маселесин Өкмөттөр аралык комиссия чечет жана акыркы чечимди өлкө башчысы жана КРнын Жогорку Кеңеши кабыл алат. Ошондуктан облустук бийлик чек араны тактоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссияга ар дайым аймактын кызыкчылыгын эске алуу менен, атайын сунуштарын берип келет.


