Дарыгер: "Бишкекте вируска чалдыккандардын саны өсүүдө"
Бишкек шаарынын мэриясында өлкөнүн аймагында коронавирус илдетинин жайылышын алдын-алуу жана эпидемиологиялык кырдаал боюнча брифинг өтүүдө. №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова борбордо вируска чалдыккандардын саны өсүп жатканын билдирди.
"Бишкек шаарында илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө. 19-апрелге карата коронавирустун жана пневмониянын жаңы 152 учуру катталды. Анын ичинен 122 учуру лабораториялык жактан тастыкталып, 30 учуру пневмония экендиги катталды. Бул республика боюнча катталгандардын орчундуу пайызын түзөт. Каза болгондордун саны бирөө. Бишкек шаары боюнча 2021-жылдын башынан тарта 5 миң 650 коронавирус илдети жана пневмония учурлары катталган. Алардын ичинен 4 миң 32 учуру лабораториялык анализи оң жыйынтыгы менен, ал эми 1 миң 618 учуру клиникалык жана эпидемиологиялык жактан аныкталган", - деди Искакова.


