Бишкектин айрым райондорунда 19-апрелден 21-апрелге чейин газ убактылуу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Газпром Кыргызстан" компаниясы буга чейин газдаштырылбаган Алтын-Ордо конушуна жаратылыш газын жеткирип жаткандыгына байланыштуу 19-апрелден 21-апрелге чейин Путепроводный - ВБЧК көчөлөрүндө, Жүзүм - М.Ауэзов көчөлөрүндө, Тунгуч кичи районунда жашаган абоненттерге жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Ошондой эле төмөнкү ишканаларга газ берүү токтотулат: REEMSTMA, "Алтын-Ажыдаар", Курулуш материалдар комбинаты, "Наабайкана", "Жанар".

Коопсуздук талаптарына ылайык, жаңы конуштун газ бөлүштүрүү тутумуна туташуусу Ч.Валиханов жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан орто басымдагы газ түтүгүнүн өчүрүлүшү шартында жүргүзүлөт.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт. Биз жаратылыш газын коопсузураак пайдалануу, ыңгайлуу жана кыргыз элине жеткиликтүү болуш үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз", - деп айтылат маалыматта.