super.kg logo

Прокуратура: "Таласта 3 жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелер берилди"

 

Талас облусунда жашаган үч томолой жетим балдарга турак жай куруу үчүн жер тилкелер берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ата-энеси жок жана камкордуксуз калган балдарга турак жай жана жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш.

"Талас шаардык прокуратурасы тарабынан аталган шаардын мэринин наамына мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен өспүрүмдөр К.А. уулу жана М.Б. экөөнүн ар бирине 0.6 гектар жер берилди.

Ошондой эле Манас райондук прокуратурасы ушул эле райондогу Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акты киргизип, натыйжада турак жайы жок Д.А. аттуу өспүрүм жер тилкесине ээ болду. Бүгүнкү күндө берилген жерлерди каттоо жана аларга укук таануучу документтерди алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: