Камчыбек Ташиев: "Эң башкысы биз мамлекеттен эч нерсе уурдабайбыз"
Бүгүн, 19-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Савай айылынын тургундары менен жолугушуу өткөрүүдө. Анда чек аранын бекемделишине колдон келген аракет кыларын билдирип, президент Садыр Жапаровду колдоп берген элге ыраазычылык билдирди.
"Колубуздан келген аракетибизди кылабыз. Рахматымды айтам, ыраазычылыгымды билдирем. Өзүңүздөр шайлаган президентибиз дагы өзүнүн жанын үрөп, күнү-түнү дебей бардык акыл-эсин колунан келген аракетин кылып элиме кызмат кылайын деп аракет кылып жатат. Ошону сиздер дагы колдоп турсаңыздар. Кудай буюрса, 6 ай - 1 жылдын ичинде аз болсо да жыйынтык көрүнө баштайт. Эң башкысы биз мамлекеттен эч нерсе уурдабайбыз, мамлекетибизге кыянатчылык кылбайбыз, эч качан биз башка бирөөлөрдүн алдында тизебизди бүгүп бербейбиз. Мына ушул үч нерсени биз сактай алабыз, туугандар", - деди Ташиев.


