Жаан-чачын болбойт. Эртеңкиге карата аба ырайы
Эртең, 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23,
Талас жергесинде түнкүсүн +4...+9, күндүз +17...+22,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +19...+24,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +15...+20,
Нарын облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +15...+20,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6...-11, күндүз +1...+6 градус.
Бишкек шаарында түштөн кийин жаан жаайт. Түнкүсүн +8…+10, күндүз +20…+22 градус болот.


