"Жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз". Фейсбук компаниясы Садыр Жапаровдун уу коргошун боюнча постун өчүрдү
"Фейсбук" компаниясы президент Садыр Жапаровдун 15-апрелде жарыяланган COVID-19дан "айыктыруучу дары" тууралуу постун өчүрдү. Бул маалыматты аталган социалдык түйүндүн басма сөз кызматы электрондук кат аркылуу ырастаганын "Азаттык" жазды.
"Биз бул постту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз", - деп билдирген "Фейсбук" компаниясынын басма сөз катчысы.
Маалыматка ылайык, коронавирус пандемиясы башталгандан бери "Фейсбук" социалдык түйүнү компаниянын эрежелерин бузганы үчүн COVID-19га жана вакцинага байланыштуу 12 миллиондой маалыматты өз платформасынан өчүргөн.
Буга чейин өлкө башчысы Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына дарыгерлер коронавирустан 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышканын билдирген. Бул боюнча жазылган постко адамдардын сыртына "уу коргошун" деп жазылган бөтөлкөлөргө суюктукту куюп жаткан видеосу тиркелген. 16-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрүп, уу коргошун менен дарылоо боюнча түшүндүрмө берип, аталган өсүмдүктүн кайнатмасын түз эфирде ичкен. Бул коомчулукта ар кандай талкууларды жаратып, мындай дарылоо ыкмасына көпчүлүк сын-пикирин айтууда.


