Орусиянын аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен сыйланды



1-апрелден 3-апрелге чейин "Коопсуздук-2021" аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулар болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Машыгуулардын жүрүшүндө республиканын аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн жолун тосуу жана жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция өткөрүлгөн.
Резервдеги роталарды практикалык мобилизациялоо менен согуш абалы жана өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар иштелип чыкты, аскердик ок атуулар өткөрүлдү.
Машыгууларга 2 миңден ашык адам тартылып, болжол менен 100 автомобилдик, бронетанкалык бирдик жана атайын техникалар, 20 артиллериялык система колдонулуп, 10 учак катышты.
Бул машыгууга Орусиянын Коргоо министрлигинин 20022-аскердик бөлүгүнүн аскер кызматчылары да катышты.
Бардык катышуучулар жогорку күжүрмөн даярдыкты, ырааттуу координацияланган ишти жана сабаттуу жана чечкиндүү иш алып баруу жөндөмүн көрсөтүштү.
Машыгуунун жыйынтыгында Орусиянын 11 аскер кызматчысы Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты.
Сыйлык тапшыруу аземи Кант авиабазасында Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.


