Ат-Башыда кароосуз калган өспүрүмдөргө рейд жүргүзүлдү




Нарын облусунун Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери район аймагында өспүрүмдөрдүн кароосуз калуусун алдын алуу багытында атайын рейддик иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Алдын ала көрүлүп жаткан чараларга карабастан жашоонун оор шарттарына кабылган өспүрүмдөрдүн саны азайбай келүүдө. Мындан сырткары өспүрүмдөрдүн бир бөлүгү мектепке барбастан күнүмдүк турмуш-тиричилик менен алектенип, ар кандай укук бузууларга, кылмыш иштерине барууларына жана өспүрүмдөргө карата жазалып жаткан кылмыштардын да себеби болуп коомчулуктун тынчын алууда.
Бул багытта Ат-Башы РИИБи тынымсыз иш-аракеттерин жүргүзүү менен район аймагындагы соода-сатык түйүндөрүн, эл көп чогулган жерлерди, мектепке барбай калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында комплекстүү иш-чараларды уюштуруп, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, кечкисин максатсыз көчөгө чыкпоо, алардын коомго терс көрүнүштөргө баруусунун себептерин тактоо иретинде тиешелүү мекеме кызматкерлери менен бирдикте рейд уюштурулуп, алдын алуу профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.
Билдирүүгө ылайык, Ат-Башы районунун аймагында кароосуз калган, мектепке тартылбай калган өспүрүмдөр аныкталган жок.


