Активисттин саламаттыкты сактоо министринин үстүнөн жазган арызы Прокуратурага келип түштү
Буга чейин активист Умай Арыкова саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге каршы Башкы прокуратурага арыз жазганы кабарланган.
Активисттин жазган арызы Прокуратурага келип түшкөнүн SUPER.KG порталына аталган мекеменин маалымат кызматынан тастыкташты.
"Бул арыз башында бизге анонимдүү түрдө келип түшкөн. Кийин аталган арыз жогорудагы активистке тиешелүү экендиги аныкталды. Ал эми кайрылууда эмне деп жазылганын биз бере албайбыз", - деп билдирди Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Айболот Айдосов.
Белгилей кетсек, Арыкова Башкы прокуратурадан пресс-конференция учурунда уу коргошунду коронавируска каршы дары катары көрсөткөн министрдин аракетине баа берүү керектигин өтүнгөнү маалым болгон. Ал саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иш-аракеттери жана билдирүүлөрү өлкө калкынын коопсуздугуна шек келтирет деп эсептээрин билдирген болчу.


