Бишкек шаарынын айрым аймактарында убактылуу суу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сууну өчүрүү Кызыл-Аскер конушуна, 110-кварталга, Достук кичи районуна таасир этет.
"Жай мезгилине даярдануу максатында “Западный” суу алуучу жайындагы жана Бишкек шаарынын суу түтүктөрүндөгү жумуштарга байланыштуу 20-апрелде саат 09:00дөн кечки 22:00гө чейин Садыгалиев көчөсү, Чоң Чүй каналы (Пригородное), Ала-Арча дарыясы жана темир жол линиясы менен чектелген аймакта, анын ичинде Волков, Кустанай, Садыгалиев көчөлөрү жана Чоң Чүй каналынын аянтында ичүүчү суу убактылуу үзгүлтүккө учурайт", - деп жазылган маалыматта.
"Бишкек суу канал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгы, "Бишкек жылуулук энерго" коммуналдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан жана уюмдардан ичүүчү сууну камдап алууну өтүнөт.