Бишкектин көчөсүндө Эйфел мунарасынын, Биг Бендин селфи макеттери пайда болду




Борбор калаанын Чыгыш-5 кичи районунда Эйфел мунарасынын, Биг Бендин селфи макеттери жана британиялык телефон кабинасы орнотулду. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Свердлов акимчилиги Чыгыш-5 кичи районундагы жөө адамдар зонасын жабдуу менен алектенүүдө. Бир күн мурун фотосүрөттөрдү сүйүүчүлөр үчүн кичинекей Арбат аталган зонада чоң LED-экран, Эйфел мунарасынын, Биг Бендин селфи макеттери жана британиялык телефон кабинасы орнотулган.
Ошондой эле быйтыкчалар орнотулуп, фонтан менен айланган глобус, өзүнчө фонтан орнотулат.
Кошумча өркүндөтүү демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, Чыгыш-5 кичи районундагы жөө адамдар зонасын долбоорлоо жана куруу иштери 2019-жылдын сентябрь айынын биринчи декадасында башталган. Шаардык муниципалитеттин бардык кызматтары 1,43 гектар аянтты ээлеген Бишкек кичи Арбат аймагын көрктөндүрүү боюнча иш алып барышкан.


