super.kg logo
  Саясат  

Эксперт: "Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын толук кандуу жашоосу үчүн шарт жок"

 
Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын толук кандуу жашоосу үчүн шарт жок. Бул тууралуу 18-октябрда "Аялдардын, майыптардын жана балдардын укуктарын коргоону күчөтүү" аттуу конференциянын жыйынтыктары боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйында эксперт Нурлан Исмаилов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 21 миңге жакын мүмкүнчүлүгү чектелген адам жашайт. "Анын ичинен 4-5 миңге жакыны мектепке баруу мүмкүнчүлүгүн алышкан. Калган 14 миң адам үйдө отурууга аргасыз. Биз аларды келечекке даярдоонун ордуна потенциалдуу жумушсуздарды даярдап жатабыз. Бизде жөнөкөй инфраструктура деген нерсе жок.  Долбоордун алкагында аймактарды кыдырып, сурамжылоо жүргүздүк. Кээ бир үй-бүлөлөр конок келгенде майып балдарын башка бөлмөгө камап коюшат экен. Майыптарга медициналык жактан кам көрүү менен чектелбей, европалык социалдык-экономикалык жактан мамиле жасай башташыбыз керек",- деди эксперт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: