super.kg logo

Чүйдө 11 жылга эркинен ажыратылган жаран 3 жылдан кийин райондук сот тарабынан акталды

 

Чүйдө 3 жыл мурда 11 жылга эркинен ажыратылган жаран райондук сот тарабынан акталды. Маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2018-жылы 14-майда Москва районунун Беловодское айылынын тургуну А.Ш. өзүнүн үйүндө 1 килограмм 825 грамм баңгизатын сактап жүргөн жеринен укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Тергөө учурунда ал аталган баңгизатын Токтогул районунун тургуну Э.С. деген таанышы алып келип бергендигин билдирген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши Москва райондук сотуна жиберилип, соттун өкүмү менен А.Ш. күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.
Ал эми анын көрсөтмөсүнүн негизинде, 2019-жылдын 24-январында 1979-жылы туулган Э.С. издөөдө жүргөн жеринен кармалып, камакка алынып, кылмыш иши сотко жиберилген. Ошол эле жылдын 28-августунда Э.С. Москва райондук соту тарабынан 267-беренесинин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн жана 267-беренесинин 3-пунктунун негизинде ("банги каражаттарын, психотроптук заттарды өзгөчө ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен күнөөлүү деп табылып, 200 миң сом айып пул салуу менен 11 жылга эркинен ажыратылган.
Чүй облустук сотунун 2020-жылдын 27-январындагы аныктамасы менен Москва райондук сотунун аталган өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Жогорку Соттун токтому менен төмөнкү инстанциялардагы өкүмдөр бузулуп, кылмыш иш Москва районунун сотуна кайрадан башка курамда кароо үчүн жиберилген. Москва райондук сотунда аталган кылмыш ишти кароодо А.Ш. мурда берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан. Ал эми Э.С. кылмышты жасагандыгын тастыктаган башка далилдер аныкталбагандыгына байланыштуу ишке катышкан мамлекеттик айыптоочу Э.С. кылмыш жасады деп айыптоодон баш тартты. Натыйжада Москва райондук сотунун 2021-жылдын 19-апрелиндеги өкүмү менен Э.С. акталып, сот залынан бошотулду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
20.04.2021. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каша болуп баштатыго баары эле акталып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: