super.kg logo

Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары мамлекет башчынын жарлыктарынын аткарылышынын жүрүшүнөн кабар алды

 

Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев өлкөнүн бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен таанышып келди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда ал мамлекет башчысынын жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшүнөн кабар алды.

Иш сапардын жүрүшүндө аймакты өнүктүрүү алкагында жер-жерлердеги ишкерчиликти колдоо, инвестиция тартуу багытындагы иш-аракеттер, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү, дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо, сел жана жер көчкүлөрдү алдын алуу жана башка социалдык-экономикалык маселелерге көңүл бурулду.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын билим берүү, жол, жайыт, турак жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо маселелеринин чечилишинин зарылдыгы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: