56 бакма үй-бүлө турмуштун оор кырдаалына кабылган 102 баланы тарбиялап жатышканы айтылды





Ысык-Көл облусунда социалдык кызматтарды өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында кеңейтилген жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада социалдык оорулардын алдын алууда баштапкы социалдык иштин ролу, социалдык кызматтарды уюштурууда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү талкууланды.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Нарын облусунун Кочкор районунда пилоттук иш ийгиликтүү өнүгүп келе жаткандыгын, ал маалыматтарды жана документтерди иштеп чыгуу менен байланышкан убакыт чыгымдарын азайтуу максатында “бирдиктүү терезе” механизмин киргизгендигин баса белгиледи. Ошондой эле ал бакма үй-бүлөлөр институтун чыңдоо боюнча жигердүү иштер улантылып жаткандыгын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө 56 бакма үй-бүлө турмуштун оор кырдаалына кабылган 102 баланы тарбиялап жатышат. Бакма үй-бүлөлөр ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды тарбиялоо үчүн интернат тибиндеги балдар мекемелерине альтернатива болуп саналат. Бакма үй-бүлөлөрдө балдарды багуу жана тарбиялоо ай сайын мамлекет тарабынан каржыланат", - деди ал.
Жолугушууга Ысык-Көл облусунун акиминин биринчи орун басары Динара Акматова, Кыргызстандын SOS Балдар Айылдарынын директору Лира Джураева, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.


