Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү сутка ичинде 8 миллион метр кубга көбөйдү
Бүгүн, 20-апрелге карата Токтогул суу сактагычында суунун агып чыкканына караганда киргени кыйла көбөйдү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 20-апрелге карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 632 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 351 метр куб, агып чыгышы 259 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 19-апрелде суу сактагычта 8 миллиард 624 миллион метр куб суу бар болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-07-29
14:9
2025-07-29

12:52
2025-07-29
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kyrc...

20.04.2021. 10:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ кудай озун колдо
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.