super.kg logo

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турмуштун оор кырдаалынан чыгууга жардам берчү долбоорлор даярдалат

 

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турмуштун оор кырдаалынан чыгууга, алардын жүрүм-турумунун көз каранды мотивин азайтууга жигердүү кадамдарды жасоого түрткү берүү үчүн жумушка орноштуруу боюнча активдүү чараларды күчөтүү керек. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова жана БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун орун басары Хильке Давид “Нарын жана Баткен аймактарында жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрү аркылуу жакыр жана аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн кирешесин жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу” жаңы долбоорун эрте баштоо маселесин талкуулашты.

Долбоордун негизги максаты - кедей-кембагалдардын жана аялуу чакан айылдык фермерлердин коопсуз жана табигый продукцияны өстүрүү жана кайра иштетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу. Ошондой эле коомдук жеке өнөктөштүк бизнес-моделин иштеп чыгуу аркылуу кедей-кембагалдар жана калктын аялуу катмары үчүн жумуш орундарын түзүү, максаттуу багыттар боюнча жергиликтүү жана региондук экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу.

"Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аз камсыз болгон жарандарды колдоого багытталган коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну улантууну, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн коомдук жумуштарга катышуусу жана айыл-чарба жана өндүрүштүн башка түрлөрүн жүргүзүү үчүн окутуу жана квалификациясын, билимин жана технологияларын өркүндөтүү түрүндө социалдык колдоо чараларын кеңейтүүнү макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
20.04.2021. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга дагы 99 документ десе керек. Негизи аз камсыз болгон уй булоолордун кээ Бир документи жок болуп чыгат себеби документке дагы акча анан атана бар энене бар деп кыйнашат.
20.04.2021. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жолок пул туурулайын деп барсам жон эле чиренет чиркин озбек киши экен 1 жумадан кийин Кел деп жонотту айткан куну бардым акча сурай Турган болсо бетин тытып кагаздарын бетине чачып келем деп жиним менен. Бирок жон эле алып калды документтерими кабар аласын дагы отсо отот болбосо жок дейт. Эгер отпой калса Кимге кайрылсам болот жооп берип койгулачы сураныч билгендер болсо.мал жандык машина жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: