super.kg logo

Баткенде “Салттуу музыка күнү” жана эл аралык “Достук” фестивалы өтөт

 
Баткенде “Салттуу музыка күнү” жана эл аралык “Достук” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 23-25-апрелине чейин Баткен шаарында “Салттуу музыка жумалыгы” жана эл аралык “Достук” фестивалы өткөрүлөт.
Фестивалга Кыргыз өлкөсүнөн тышкары Өзбекстан жана Тажикстандан келген көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканы алып жүргөн дасыккан чеберлер жана өсүп келе жаткан жаш таланттар катышат.
Иш-чара калкка руханий гүл азык катары баалуулуктардын башатында турган оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу максатын көздөп, коңшу жашаган элдердин ынтымакты бекемдөө менен, алардын салттуу музыкалык искусствосун таануу болуп саналат.
Ошондой эле иш-чара салттуу маданияттагы кол өнөрчүлүктү даңазалоо аркылуу уста, чеберлерге дем берүүнү көздөп, элдердин достугун, ынтымагын биримдигин бекемдеп, жаш муундардын интернационалдык тарбиясын жакшыртууга багыт алат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: