super.kg logo

Экинчи Дүйнөлүк согуштагы учак АКШдагы кум жээкке адамдардын жанына авариялык конуу жасады (видео)

 

АКШнын Флорида штатында дүйнөдө сейрек учактардын бири болгон "TBM Avenger" учагы сууга түшүп жаткан адамдардан бир нече метр алыстыкта авариялык конуу жасады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, авариялык конуу жасаган учакта учкуч гана болгон. Учак АКШнын "Valiant Air Command, Inc" музейине таандык экени белгилүү болду.

"Жакшы жаңылык - учкучтун абалы жакшы. Жаман жаңылык - бул учакты калыбына келтирүү бир нече жылга созулушу мүмкүн", - деп билдирген музейдин басма сөз кызматы.

Кырсыктын келип чыгышына учактын кыймылдаткычынын иштен чыгышы себеп болгон. Алгач учкуч жакынкы аэродромго жетүүгө аракет кылган. Бирок андан кийин оюнан кайтып, сууга конууну чечкен. Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес.

"TBM Avenger" учагы 1942-жылы алгачкы ирет Экинчи Дүйнөлүк согушта колдонулган.






Экинчи Дүйнөлүк согуштагы учак АКШда авариялык конуу жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: