super.kg logo

"Жаратылыш чек араны билбейт". БУУ Кыргыз өлкөсүнүн экологияны сактоо боюнча демилгесин жактырды

 
Бүгүн Кыргыз өлкөсү эл аралык аренада маанилүү жеңишке жетишти. Нью-Йорктогу Бириккен улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясы Кыргыз өлкөсүнүн "Жаратылыш чек араны билбейт" аталышындагы резолюциясын кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Сеит Убыкеев Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, аталган долбоор экология жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого багытталган.
"Аталган демилгенин символу Ак илбирс болуп калды. Жөнөкөй тил менен айтканда, биздин өлкө эл аралык тоолуу өлкөлөр үчүн экологиялык көйгөйлөрдү чечүү планын сунуштады. Бул окуя кыргыз дипломатиясынын жеңиши деп ойлойм. Аталган демилгенин негизги максаты - экологиядагы эң көйгөйлүү маселелерди чечүүдө эл аралык донорлорду тартуу болуп саналат", - деп жазган Сеит Убыкеев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: