super.kg logo

"Манас" аэропортун тышкы башкарууга өткөрүү жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт

 
Кыргыз өлкөсүнүн башкы аба портун тышкы башкарууга өткөрүү жөнүндө айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, учурда аэропорт жетекчилиги инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатуу, аэропорттун кирешесин көбөйтүү, түз жана кыйыр кирешелерди камсыз кылуу боюнча жаңы иш-чараларды киргизүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча жигердүү иш алып барууда.
"Буга чейин Кытай, Түркия жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр болгон. Ушул иш-чаралардын алкагында "Ядран" (Татарстан) каржы компаниясынын жетекчиси И.Салихов менен жолугушуу болуп өттү. Аэропорттун башкы директору Бакыт Шаршеев компаниянын ишмердүүлүгүндө инвестицияларды талап кылган багыттар жөнүндө - "Манас" жана "Ош" аэропортторунда жаңы учуу-конуу тилкелерин куруу жана реконструкциялоо зарылдыгын айтып берди. Сүйлөшүүлөр маалымат берүү максатында болгон.
"Манас" аэропортун тышкы башкарууга өткөрүү маселеси жетекчилик тарабынан каралбайт. "Ядран" компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз өлкөсүнө базарды жана өзүлөрү үчүн инвестиция тартуучу долбоорлорду изилдөө үчүн келишти. Аэропорттун инфраструктурасынан тышкары, инвесторлор уюлдук байланыш жана энергетика жаатында кызматташуунун варианттарын издеп жатышат. Өз кезегинде "Манас" аэропорту ар кандай суроолоруңузга жооп берүүгө ар дайым даяр", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: