super.kg logo

Башкы прокурор: "Коронавирус илдетине байланыштуу 24 иш боюнча УКМК тергөө жүргүзүүдө"

 

Депутат Шайлообек Атазов Саламаттыкты сактоо министрлигинин канча өкүлүнө пандемияга байланыштуу кылмыш иши козголгонун сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Пандемия учурунда элибиздин ден соолугунан, өмүрүнөн акча тапкан Саламаттыкты сактоо министрлигинде окуялар болду. Алардын фамилияларын айтпасак дагы, канча адамга кылмыш иши козголгону боюнча маалымат берип кетсеңиз.

Мен мисал катары айтып кетейин, Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчиси Аликбек Жекшенкуловдун маалыматы бар, Орусия тарап 200 миң даана ПЦР-тест акысыз берген. Бирок бул биздин мамлекетке келгенде 1 500 сомдон сатылган. Андан тышкары бет каптарды дагы кымбат сатышты. Мындай көрүнүш кайталанбашы керек", - деди депутат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура органдары тарабынан 2020-2021-жылдары коронавирус илдетине байланыштуу 24 материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын белгиледи. Анын айтымында, мунун бардыгы УКМКда тергөөдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: