super.kg logo

"Бишкекте жана Чүйдө эпидемиологиялык абал курч" деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары

 

Акыркы маалыматтарга ылайык, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абал курч. Ал эми калган аймактарда абал туруктуу. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.

"Өлкө боюнча үчүнчү толкунга даярдануу үчүн эки этапта даярдыктар көрүлүп жатат. Стационарларга керебеттер коюлууда. Бүгүнкү күндө 2 миң 361 керебет бейтаптарды дарылоодо колдонуп жатат. Булардын ичинен 1125и бош турат.

Бишкек шаарында керебеттердин саны чукул азайгандыгына байланыштуу кошумча 132 орун даярдалды.

Азыркы учурда кызыл зонада 214 дарыгер, 403 медайым иштеп жатат", - деди Жалалидин Рахматуллаев.

Ошондой эле министрдин орун басары калкты санитардык нормаларды так аткаруу менен илдеттен сактанууга боло тургандыгын айтып, элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: