super.kg logo

"Коммунисттер" партиясынын өкүлү: "Жакында өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз"

 

"Ата Журт Кыргызстан" партиясынын шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга укугу жок болчу" аталышындагы маалымат жыйыны өтүүдө.

Жыйынга шаардык кеңешке шайлоого аттанган 8 партиянын өкүлдөрү катышууда.

"8 партиянын өкүлдөрү шайлоо таза өткөн жок деп эсептеп, БШКга, президентке нааразычылык кайрылуубузду жөнөткөнбүз. Шайлоодогу мыйзам бузууларды айтып, чара көрүүнү талап кылып БШКнын алдында ачкачылык жарыяладык.

КЭДП партиясы добуш сатып алууга шектелип шайлоодон четтетилди. Эгерде КЭДП добуш сатып алган болсо, анда башка партиялар тууралуу эмнелерди айтабыз? Базаркомдордун, коррупционерлердин партиясы алардан өтүп акча таратышты. Ошондуктан биз жакында өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз. Бул талап менен биз бардык тарапташтарыбыз, партиялаштарыбыз менен биргеликте нааразычылык акциясына чыгабыз", - деди "Кыргызстан Коммунисттер" партиясынын өкүлү Амантур Манапбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
20.04.2021. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл акчага сатылат. Акча таратпасанар силер эч качан утпайсынар. Эгер акча таратпасанар шалоочулар шайлоого барбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: