Ошто түндө көчө таптап жүргөн өспүрүмдөргө атайын рейд жүрүп жатат





Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура жана Сулайман-Тоо МБнүн ЖИИ, МУУ 52 кызматкерлери, андан сырткары Ош шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын, экология жана техникалык коопсуздук боюнча өкүлдөрүнүн жана билим берүү башкармалыгынын кызматкерлеринин 6 өкүлүнүн катышуусунда “Селсаяк” рейддик иш-чарасын өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлады.
"Рейддин жүрүшүндө түндө аймактагы өспүрүмдөр чогулуусу мүмкүн болгон 151 жай (устакана, соода түйүндөрү, базар, вокзалдар, унаа жана темир жол станциялары, унаа жуучу жайлар, жаны курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр ж.б.) текшерилип, анын негизинде 77 өспүрүм аныкталып, 42 өспүрүм ата-энелерине тапшырылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ош ОИИБине 32 өспүрүм жеткирилип, социалдык уюмдарга 3 өспүрүм тапшырылган", - деп билдиришти мэриядан.
Алардын ичинен 24 өспүрүмгө байланыштуу материалдар топтолуп, Ош шаардык мэриясындагы балдар комиссиясына маалыматтар жиберилген.


