super.kg logo

Борбордук шайлоо комиссиясы: "Бишкектеги 7 шайлоо тилкесиндеги референдум бюллетендери кайра эсептелинет"

 

Бүгүн, 20-апрелде Бишкектеги Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп өттү. Анда күн тартибине коюлган Бишкек шаарындагы жети шайлоо тилкесиндеги референдум бюллетендери кайра эсептелинери кабыл алынды.

"Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына ылайык референдум жөнүндө 36-беренесиндеги нормага ылайык протоколго ылайык эмес каталар аныкталгандыгы же протоколдордун туура түзүлгөнүнө күмөн саноолор пайда болушу менен Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды кайра эсептөө жөнүндө чечим кабыл алуу укугу бар. Добуштарды кайра эсептөө БШКнын мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлүшү керек. Ошондой эле бул нерсеге демилгечи болгон группанын, партиянын мүчөлөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Добуштарды кайра эсептөөнүн жыйынтыгында БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарат. №1028,1029, 1107, 1243, 1246, 1336, 1339 шайлоо тилкелеринде добуштар кайра эсептелинет", - деп айтылат кабыл алынган протоколдо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: