super.kg logo

Өзгөндө дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз Бишкектен табылды

 

Ош облусунун Өзгөн районунда дайынсыз болуп жаткан кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-апрель күнү Бишкек ШИИББинин "102" кызматына Жумабек жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек кыз жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2007-жылы туулган У.Н. аттуу кыз болгон. Ал 12-апрель күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы үйлөрдүн биринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, ички иштер органдары тарабынан изделип жатканы аныкталган.

Кызды кайгуул кызматы туугандарына өткөрүп берүү үчүн Свердлов РИИБине жеткиришкен.






Ош облусунун Өзгөн районунда дайынсыз болуп жаткан кыз Бишкектен табылды.

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: